Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренеси: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.»

Жаңылыктар

Камакта отуруп кыйноого кабылган жарандын кайрылуусуна карата Кызыл-Кыя шаарынын №43 түзөтүүчү мекемесине текшерүү жүргүзүлдү

КР Акыйкатчысынын Басма-сөз кызматы//  Камакта отурган А.И. кыйноо фактысы  болгондугу туурасында КР Акыйкатчысынын Баткен облусттук өкүлчүлүгүнө кайрылып укуктук жактан жардам берүүсүн суранган.  

   Бул кайрылуу боюнча КР Акыйкатчысынын Баткен облусттук өкүлчүлүгү Баткен облусу боюнча Кыйноону алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери менен бирге КР Өкмөтүнө карата  ЖАМКнын Кызыл-Кыя шаардык №43 түзөтүүчү мекемесине мониторинг жүргүзүштү.

      Мониторинг учурунда укук коргоочулар камакта отургандар менен жолугушуп, бир топ суроолорго жооп беришти жана укуктук кеңештер берилди. Ошондой эле текшерүүчүлөр камакта отургандардын жашоо шарты менен таанышышты.

    Арыз ээси А.И менен пикир алышуу учурунда ага карата аталган түзөтүүчү колониянын кызматкерлери тарабынан кыйноо болгондугу белгилүү болуп,  оң көзү уруп-сабалгандыгын көрүшкөн.

       Бул маселе боюнча КР Акыйкатчысынын Баткен облусттук ыйгарым укуктуу өкүлү  Ош шаардык Органдарда жана мекемелерде мыйзамды сактоо, көзөмөлдөө боюнча  прокурорунун жардамчысы М.Бообеков менен байланышып тиешелүү чара кабыл алууну сураган.

   Бул иш боюнча азыркы учурда соттук медициналык экспертиза өткөрүлүп жатат. Көрсөтүлгөн факт КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин жеке көзөмөлүндө турат.