Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренеси: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.»

Жаңылыктар

Джалал-Абаддагы М.Матисаковду өлтүрүү боюнча ишти Акыйкатчы Кубат Оторбаев өз көзөмөлүнө алды

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Джалал-Абад элин кабыл алуусунда 22 мартында болгон М. Матисаковду өлтүрүү боюнча 31 адам кайрылды. Кайрылгандар бул М. Матисаковдун туугандары жана жакын достору.

Киши колдуу каза болгондордун бир туугандарынын арызына ылайык, кылмыш кылгандардын бирөөсү күнөөнү толук мойнуна алып, башкаларды жоопкерчиликтен куткарып калуу аракетин көрүүдө. Андыктан арыздануучулар, Кубат Оторбаевден иш калыс иликтенүүсүнө көмөктөш болууну өтүнүп, кылмышкерлер жазага тартылышын көзөмөлгө алууну суранышты.

Өз кезегинде, Кубат Оторбаев аталган ишти жеке көзөмөлүнө алып, иликтөө иштеринин обьективдүү жүрүшү жана сотто калыс чечим кабыл алынышы максатында Омбудсмен Институту үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлөөрүн билдирди.

М. Матисаков

 

 

Акыйкатчы Кубат Оторбаев жана М.Матисаковдун туугандары