Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренеси: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.»

Жаңылыктар

БУУнун өнүктүрүү программасы Акыйкатчынын соттук териштирүүнү узарткан практикасын токтотуу боюнча аракетин колдойт



КР Акыйкатчысынын Басма сөз кызматы// КР Акыйкатчысы К.Оторбаев  Кыргызстандагы БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлүнүн орун басары Алена Никулита айым менен жолугушту.

Жолугушуунун алдында Алена айым Кубат Оторбаевди КР Акыйкатчы кызматына дайындалышы менен куттуктады жана Кыргызстанда адам укуктарын, эркиндиктерин сактоодо ага ийгиликтерди жана жоопкерчиликтүү миссияны ишке ашырышын каалады.

Кыргызстандагы БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлүнүн орун басары Акыйкатчыга БУУӨПнын биздин республикадагы иш аракети, биздин өлкөдө сот процесстерине мониторингдерди жүргүзүүдө бирге иш алып баруу жана укуктук үстөмдүк боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле КР Акыйкатчы институтуна техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө айтып берди. 

К.Оторбаев, Алена айымга жылуу сөздөрү үчүн жана Акыйкатчы институтунун кеңсесин техникалык жактан колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Акыйкатчы КР Акыйкатчы институтунун потенциалын көтөрүү үчүн үч негизги багыттар: кызматкерлердин квалификациялык деңгээлин көтөрүү, жарандардын аярлуу бөлүгүндөгү адамдардын укуктарын коргоо стратегиясын иштеп чыгуу, мигранттардын укуктарын коргоо иштери туралуу  айтып берди. 

К.Оторбаевдин сөзү боюнча анын атына келип түшкөн арыздардын көпчүлүгү соттордун туура эмес аракеттерине байланыштуу “Адамдар дайыма Акыйкатчы институтунун кызматкерлери сот процессине катышуусун суранышат, анткени алар сотторго ишенбейт”- деди Акыйкатчы. 

Ошондой эле КР Акыйкатчысы камактагыларды кармоодо тиешелүү беренелерди өзгөртүү зарылдыгы жөнөндө айтып берди. “Ысык-Көл облусунда  бир аял төрт жылдан бери өзүнүн иши боюнча соттун чечимин күтүп  камоодо отурат. Ушуга байланыштуу  иштелбеген соттук териштирүү принциптерин демилгелемекчимин ” – деди Акыйкатчы. Алена айым Акыйкатчынын бул демилгесин колдоду. 

БУУӨПтүн кеңешчиси Аида Базаркулованын сөзү боюнча, бир долбоордун алкагында өлкөнүн ар түрдүү жогорку окуу жайларынан 19 студент өз каалоосу менен тартылып соттук териштирүүлөрдүн мониторингине жардам беригендигин белгиледи. 

Жолугушуунун аягында тараптар  өздөрүнүн эки тараптуу тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдиришти. 

Ошондой эле жолугушууга  “Укуктук үстөмдүк” долбоору боюнча БУУӨПнын техникалык кеңешчиси, “Демократиялык башкаруу” багыты боюнча БУУӨПнын программалык жетекчиси Александр Кашкарев, БУУӨПнын менеджери А.Беккоенова катышышты.