Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренеси: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.»

Жаңылыктар

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Баткен областынын Төрт Гүл айыл аймагындагы эли менен жолугушту

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Баткен областынын Төрт Гүл айыл аймагындагы Чоң Талаа, Зар Таш айылдарынын эли менен жолугушту. Бул айыл Таджикстан менен чектешкен, чек ара макамына ээ, 7640 калкы, 1610 түтүн үйү бар. 6 жыл мурда 163 түтүн үйгө турак жай курууга жерлер берилген. Бирок чек ара делимитация деморкация болгон жок деген себеп менен үй салууга тыюуу салынууда. Тургундар жер салыктарын толугу менен жыл сайын төлөшөт. Маселени укуктук негизде чечилишине көзөмөл кылууну суранган элге, Кубат Оторбаев маселени тыкыр иликтөөгө алып, тактап берүүнү убада кылды.

Мындан тышкары аймактагы аялдар кеңешинин төрайымы Катижа Мамажанова айылда жөлөк пул алгандар жокко эсе экендигин айтып, чек ара аймактарындагы социалдык абал начардыгын билдирди. Алыскы аймактагы бул айылдын абалы менен таанышканы келген мамлекеттик чиновниктер да жокко эсе. Андыктан чогулгандар Кубат Оторбаевге ыраазычылык билдиришти.