Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 108-беренеси: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.»

Жаңылыктар

Акыйкатчысынын Ош облусу боюнча өкүлдөрү көчкүдөн жабыр тарткан Аюу айылдын тургундардын укуктук муктаждыктарына мониторинг жүргүзүп жатышат

30 апрелде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүАюу айылдын жашоочулардын укуктук муктаждыктарына мониторинг жүргүзүп, издөө жана куткаруу боюнча учууларды жана тургундарга медициналык жардам көрсөтүү менен таанышты.

Окуя болгон жерге барып кырсыкка кабылган үй-бүлөөлөрдүн туугандарына жолугуп аларга көңүл айтылды.

Көчкү 29.04.2017-ж. эртең мененки саат 06.00 чамасында башталган. Жалпысынан 11 үй көчкүнүн алдында калган. Алардын ичинен 7 үйдүн тургундарын көчкү баскан. Калган 4 үйдө бактыга жараша эч ким болгон эмес. Каза болгон 24 адамдын  ичинен,  эркектер -11, аялдар-13. 18-жаштан жогоркулар -13, 18 жашка толо электер -11 өспүрүм. Өспүрүмдөрдүн арасынан мектепте окугандар - 6, мектепке бара электер - 5.

Окуя болгон жерде атайын Штаб түзүлгөн жана атайын медициналык көзөмөл үчүн чатыр тигилип, медициналык кызматкерлер тарабынан айыл тургундарына медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Казылып жаткан үйдүн туугандары келишип техника менен казууга макул эместигин билдирип уруксат бербей коюшкан. Себеби каза болгон адам табылса денесинин бүтүн боюнча көргүсү келишкен, табылбаса көчкү баскан жерди казбастан  мазарга айландыруу маселеси чечилип жаткандыктан ошол жерде кала берүүсүнө макул болушкан. Бирок айыл тургундары жана ӨКМдин жоокерлери кол менен казышууда.