Садовое кыштагындагы түтүк алты ай мурун жарылып, аны эч ким оңдобой жатканын, аталган айылдын тургуну Рахим Юнуза 24.kg агенттигине маалымдаган.
Анын айтымында, өзү жашаган Украина көчөсүндө жарым жыл мурун түтүк жарылып, суу мамыларды дагы, тосмолорду дагы жууп кеткен. «Таза суу дарыядай агат. Жакында түркүк кулайт, ал зымдардын жардамы менен гана турат. Жакын арада үй дагы кулап түшөт окшойт ”, - деген кооптонуусун билдирген жергиликтүү тургун.