Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Кыргыз Республикасынын  Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына Өзбекстан Республикасынын жараны, 1978-жылы Өзбек ССРинин Наманган облусунун Учкурган районундагы Хамза айылында туулган, улуту кыргыз, Й.Ж. кайрылган. Ал 2017-жылдан бери кайрылман статусуна ээ болгон. Өз арызында Й. Ж, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте жарандык алуу үчүн бардык тийиштүү документтерди өтүнүч менен Жалал-Абад облусунун Бүргөндү поселоктук милиция бөлүмүнө 2018-жылы 10-майда тапшырганын маалымдаган. Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте документтер 3 айдын ичинде каралышы керек болчу, бирок Акыйкатчыга кайрылган учурда 6 ай өтсө да, Й.Ж. расмий органдардан эч кандай жооп албаганын билдирген.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппараты тарабынан ар кайсы органдар менен  КР Президентинин Аппараты, КР УКМК, КР Мамлекеттик каттоо кызматы менен тынымсыз кат жазышуулардын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 18-февралындагы № 25 Жарлыгына ылайык,   Й.Ж. КР жарандыгына кабыл алынган. 

Учурда Й.Ж. паспорт алуу үчүн тийиштүү документтерин чогултуп жүрөт.