Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Адамдын укуктарын колдоо жана коргоо жагынан иш жүргүзгөн улуттук мекемелердин статусуна тиешелүү принциптер [Париж принциптери]

Башкы Ассамблеянын 1993-жылдын 20-декабрындагы 48/134-резолюциясынын тиркемеси

Ыйгарым укуктар жана функциялар

1. Улуттук мекемеге адамдын укуктарын колдоо жана коргоо милдети жүктөлөт.

2. Улуттук мекемеге мүмкүн болушунча алда канча кеңири ыйгарым укуктар берилет, алар анын курамын жана анын карамагындагы чөйрөнү аныктаган конституциялык жана мыйзамдык актыда так баяндалат.

3. Улуттук мекеме, атап айтканда, төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

а) адамдын укуктарын колдоого жана коргоого тиешелүү маселелер боюнча пикирлерди, сунуштамаларды, сунуштарды жана баяндамаларды консультациялык негизде өкмөткө, парламентке жана ар кандай башка компетенттүү органга кызыкдар органдардын өтүнүчү боюнча же алда канча жогорку инстанцияга кайрылбастан ар кандай маселени кароого өз укугун жүзөгө ашыруу тартибинде берет; улуттук мекеме аларды ачыкка чыгаруу жөнүндө чечим кабы ала алат; улуттук мекеменин бул корутундулары, сунуштамалары, сунуштары жана баяндамалары, ошондой эле ар кандай артыкчылыгы төмөнкүдөй тармактарга тиешелүү:

i) ар кандай мыйзамдык жана административдик жоболорго, ошондой эле сот органдарына тиешеси бар жана адамдын укуктарын коргоону камсыз кылууга жана күчөтүүгө багытталган жоболорго; буга байланыштуу улуттук мекеме колдонуудагы мыйзамдарды жана административдик жоболорду, ошондой эле мыйзам долбоорлорун жана сунуштарды иликтейт жана ал ушул жоболордун адамдын укуктары жагындагы негиздүү принциптерге шайкештигин камсыз кылуу үчүн максатка ылайык деп эсептеген сунуштамаларды чыгарат; зарылчылык болгон учурда ал жаңы мыйзамдарды, колдонуудагы мыйзамдарга түзөтүүлөрдү кабыл алууну жана административдик чараларды көрүүнү же өзгөртүүнү сунуштайт;

ii) ал кароо зарыл деп чечкен адамдын укуктарын бузуунун ар кандай учурларына;

iii) бүтүндөй алганда, адамдын укуктарынын көз карашынан өлкөдөгү абал жөнүндө, ошондой эле алда канча конкреттүү маселелер жөнүндө баяндамаларды даярдоого;

iv) өлкөнүн ар кандай бөлүгүндө адамдын укуктарын бузуу учурларына өкмөттүн көңүлүн бурууга, ага ушундай бузуулардын четтетүүгө багытталган чаралар жагынан сунуштарды берүүгө жана зарылчылык болгон учурда өкмөттүн позициясы жана мамилеси жагынан өз пикирин баяндоого;

b) улуттук мыйзамдарды, эрежелерди жана практиканы тиешелүү мамлекет катышуучусу болуп саналган адамдын укуктары боюнча эл аралык документтерге шайкеш келтирүүнү жана аларды натыйжалуу жүзөгө ашырууну кубаттайт жана камсыз кылат;

с) жогоруда көрсөтүлгөн документтерди ратификациялоого же аларга кошулууга көмөктөшөт жана аларды жүзөгө ашырууну камсыз кылат;

d) өздөрүнүн келишимдик милдеттенмелерин аткаруу үчүн мамлекеттер Бириккен Улуттар Уюмунун органдарына жана комитеттерине, ошондой эле региондук мекемелерге берүүгө жана, зарылчылык болгон учурда, алардын көзкарандысыздыгын ойдогудай түрдө сактоо менен бул маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө тийиш болгон баяндамаларды даярдоого катышат;

е) адамдын укуктарын колдоо жана коргоо маселелеринде компетенттүү болгон Бириккен Улуттар Уюму жана Бириккен Улуттар Уюмунун тутумундагы ар кандай башка уюмдар, башка өлкөлөрдүн региондук мекемелери жана улуттук мекемелери менен кызматташуу;

f) адамдын укуктары боюнча окуу жана изилдөө программаларын иштеп чыгууга көмөктөшүү жана аларды мектептерде, университеттерде жана кесиптик чөйрөлөрдө жүзөгө ашырууга катышуу;

g) адамдын укуктары жагындагы абалды жана коомчулуктун маалымдар болушун арттыруу аркылуу, атап айтканда, маалымдоо жана агартуу иши аркылуу, ошондой эле бардык басма органдарын пайдалануу аркылуу кодулоонун бардык формаларына, өзгөчө расалык кодулоого каршы күрөшүү боюнча күч-аракеттерди ачыкка чыгаруу.

Көзкарандысыздыктын жана плюрализмдин курамы жана кепилдиктери

1. Улуттук мекеменин курамы жана шайлоо жолу менен же башка ыкма менен анын мүчөлөрүн дайындоо тартиби адамдын укуктарын колдоо жана коргоо боюнча ишке катышып жаткан коомдук күчтөрдүн (жарандык коомдун) плюралисттик өкүлчүлүгүн камсыз кылуунун, атап айтканда, өкүлдөр менен натыйжалуу кызматташтыкты орнотууга мүмкүндүк берүүчү ыйгарым укуктарды пайдалануу жолу менен же төмөнкүлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусу аркылуу камсыз кылуунун бардык зарыл кепилдиктерин караган жол-жобого ылайык белгиленет:

а) адамдын укуктарынын жана расалык кодулоого каршы күрөшүүнүн маселелери жагынан иш жүргүзгөн өкмөттүк эмес уюмдардын, кесиптик бирликтердин, тиешелүү коомдук же кесиптик уюмдардын, мисалы, юристтердин, врачтардын, журналисттердин жана көрүнүктүү окумуштуулардын ассоциациясынын;

b) ар түрдүү философиялык жана диний агымдардын;

с) университеттердин жана квалификациялуу эксперттердин;

d) парламенттин;

е) өкмөттүк ведомстволордун (бул учурда алардын өкүлдөрү маселелерди кароого консультант катары гана катышат).

2. Улуттук мекеме анын ишин үзгүлтүксүз жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу инфраструктурага, атап айтканда, жетиштүү финансылоого ээ болууга тийиш. Мындай финансылоонун максаты улуттук мекемеге өзүнүн персоналына жана өзүнүн имарат-жайларына ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө турууга тийиш, бул болсо ал өкмөткө көзкарандысыз болушу жана анын көзкарандысыздыгына таасир этиши мүмкүн болгон финансылык контролго алынбашы үчүн зарыл.

3. Мекеменин мүчөлөрүнүн чыныгы көзкарандысыздык болушу ансыз мүмкүн болбогон мандатынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн аларды дайындоо расмий акт менен таризделет, анда мандаттын колдонулушунун конкреттүү мөөнөтү көрсөтүлөт. Мандат улуттук мекеменин курамынын плюралисттик мүнөзү камсыз кылынган шартта калыбына келтирилиши мүмкүн.

Иштөө методдору

Өз ишинин алкагында улуттук мекеме:

а) өзүнүн карамагынын чөйрөсүнө тиешеси бар ар кандай маселелерди, алар өкүлчүлүк тарабынан берилгенине же жоктугуна же алда канча жогорку инстанцияга кайрылбастан кароого кабыл алынганына карабастан, анын мүчөлөрүнүн же ар кандай арыз ээсинин сунушу боюнча эркин карайт;

b) ар кандай адамды угат жана өзүнүн карамагынын чөйрөсүнө тиешеси бар кырдаалдарды баалоо үчүн зарыл болгон ар кандай маалыматты жана ар кандай документтерди кабыл алат;

с) коомчулукка түздөн-түз же ар кандай басма органы аркылуу кайрылат, өзгөчө өз пикирлерин жана сунуштамаларын ачыкка чыгаруу үчүн кайрылат;

d) жыйналыштарды туруктуу негизде жана, зарылчылык болгон учурда, өзүнүн бардык мүчөлөрүнө ойдогудай кабарландырылгандан кийин алардын катышуусу менен өткөрөт;

е) зарылчылыкка жараша өзүнүн мүчөлөрүнүн ичинен жумушчу топторду түзөт жана анын функцияларын жүзөгө ашырууга көмөктөшүү үчүн жергиликтүү же региондук бөлүмдөрдү түзөт;

f) адамдын укуктарын колдоо жана коргоо жагынан иш жүргүзгөн башка соттук жана соттук эмес органдар (атап айтканда, омбудсмендер, арбитрлер жана башка ушундай органдар) менен консультацияларды өткөрөт;

g) улуттук мекемелердин ишмердигин кеңейтүүдө өкмөттүк эмес уюмдар ойноп жаткан негиздүү ролду эске алып, адамдын укуктарын колдоо жана коргоо, социалдык жана экономикалык өнүктүрүү, расизмге каршы күрөшүү, өзгөчө аялуу топторду (атап айтканда, балдарды, мигрант эмгекчилерди, качкындарды, денебою жана акыл-эми жагынан кемчиликтери бар адамдарды) коргоо жагынан иш жүргүзгөн өкмөттүк эмес уюмдар менен байланышты өнүктүрөт.

Квазисоттук ыйгарым укуктарга ээ болгон комиссиялардын статусуна тиешелүү кошумча принциптер

Улуттук мекемеге айрым адамдардын абалына тиешелүү даттануулар менен арыздарды угууга жана кароого ыйгарым укук берилиши мүмкүн. Материалдарды ага айрым адамдар, алардын өкүлдөрү, үчүнчү тараптар, өкмөттүк эмес уюмдар, кесиптик бирликтердин ассоциациялары же ар кандай башка өкүлчүлүктүү уюмдар бериши мүмкүн. Бул учурда комиссиялардын башка ыйгарым укуктарына тиешелүү жогоруда баяндалган принциптерге зыян келтирбестен, аларга жүктөлгөн функциялар төмөнкүдөй принциптерге негизделиши мүмкүн:

а) жараштыруу жолу менен же мыйзамда белгиленген чектерде милдеттүү чечимдерди чыгаруу аркылуу же, зарылчылык болгон учурда, купуялыктын негизинде ынтымак менен жөнгө салууга жетишүү;

b) арызды берген тарапка анын укуктары жөнүндө, атап айтканда, анын карамагында болгон укуктук коргоо каражаттары жөнүндө кабарлоо жана аларга жеткиликтүүлүктү алууга көмөктөшүү;

с) ар кандай даттанууларды же арыздарды угуу же аларды мыйзамда белгиленген чектерде ар кандай башка компетенттүү органга жөнөтүү;

d) атап айтканда, мыйзамдарга, эрежелерге жана административдик практикага түзөтүүлөрдү же өзгөртүүлөрдү сунуш кылуу, өзгөчө эгерде булар арыз берген адамдардын укуктарын коргоо максатында алар кабылган оорчулуктардын себеби болуп саналса сунуш кылуу аркылуу компетенттүү органдарга сунуштамаларды берүү.


Булак: Башкы Ассамблеянын расмий отчеттору, кырк сегизинчи сессия, №49 толуктоо (А/48/49),  369–370-бб.