Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Улуттук укук коргоо мекемелеринин жана парламенттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Белград принциптери

 (Белград, Сербия, 2012-жылдын 22-23-февралы)

БУУнун Сербия Республикасындагы өлкөлүк тобунун колдоосу менен БУУнун Адамдын укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы, адамдын укуктарын колдоо жана коргоо жагынан иш жүргүзгөн Улуттук мекемелердин эл аралык координациялык комитети, Сербия Республикасынын Улуттук Ассамблеясы жана Омбудсмени уюштурган Улуттук укук коргоо мекемелеринин (УУКМ) жана парламенттердин өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери боюнча 2012-жылдагы Эл аралык семинар.

Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына, Адамдын укуктарынын жалпы декларациясына, БУУнун Башкы Ассамблеясынын адамдын укуктарын кубаттоодо жана коргоодо Омбудсмендин, ортомчунун жана башка улуттук укук коргоо мекемелеринин ролу жөнүндө 63/169 жана 65/207-резолюцияларына, адамдын укуктарын кубаттоо жана коргоо жагынан иш жүргүзгөн укук коргоо мекемелери жөнүндө 63/172 жана 64/161-резолюцияларына жана БУУнун Адамдын укуктары боюнча кеңешинин адамдын укуктарын кубаттоо жана коргоо жагынан иш жүргүзгөн укук коргоо мекемелери жөнүндө 17/9-резолюциясына ылайык,

Улуттук мекемелердин статусуна тиешелүү принциптерде (Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 48/134-резолюциясы менен кабыл алынган Париж принциптери) УУКМдер парламенттер менен «натыйжалуу кызматташтыкты» орнотууга тийиш деп каралганын таанып,

УУКМ жана парламент адамдын укуктарын кубаттоо жана коргоо боюнча өз милдеттенмелерин аткаруунун жүрүшүндө бири-бири менен өз ара аракеттенүүдөн олуттуу пайда ала алаарын белгилеп,

УУКМнын ар түрдүү институционалдык моделдеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен УУКМдердин жана парламенттердин алда канча интенсивдүү өз ара аракеттенүүсүн талап кылган тармактарды аныктоо зарылчылыгы жөнүндө эске салып,

УУКМдердин жана өкмөттөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташтык кандай өнүгүүгө тийиш экендиги жагынан колдонмону сунуш кылган төмөнкүдөй принциптерди кабыл алат:

I. Улуттук укук коргоо мекемелерин (УУКМ) түзүүдө жана анын иштешин, көзкарандысыздыгын жана отчет беришин камсыз кылууда парламенттердин ролу

A)  УУКМди түзүү жөнүндө Мыйзам

1)    Улуттук укук коргоо мекемелерин түзүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап, парламенттер тиешелүү таламдаш тараптар менен кең-кесири консультацияларды өткөрүүгө тийиш.

2)    Парламенттер УУКМдердин иши үчүн УУКМдердин көзкарандысыздыгын жана парламентке тикелей отчет беришин камсыз кылган, улуттук мекемелердин статусуна тиешелүү Принциптерге (Париж принциптерине) шайкеш келген жана адамдын укуктарын кубаттоо жана коргоо жагынан иш жүргүзгөн улуттук мекемелердин Эл аралык координациялык комитетинин (ЭКК) жалпы сын-пикирлерин, ошондой эле алдыңкы тажрыйбаны эске алган укуктук негизди иштеп чыгууга тийиш.

3)   Парламенттер УУКМдерди түзүү жөнүндө мыйзамдарды кабыл алууга жана УУКМдерди түзүү жөнүндө мыйзамга ар кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тиешелүү өзгөчө ыйгарым укуктарга ээ болууга тийиш.

4)   УУКМдерди түзүү жөнүндө мыйзамга мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү кароонун жана кабыл алуунун жүрүшүндө парламенттер сунуш кылынган түзөтүүлөр ушундай мекеменин көзкарандысыздыгына жана иштешинин натыйжалуулугуна таасир эте тургандыгы же жоктугу жагынан аларды кылдат текшерүүгө жана УУКМдин мүчөлөрү жана жарандык коом уюмдары сыяктуу башка кызыкдар тараптар менен консультация өткөрүүгө тийиш.

5)   Парламенттер УУКМди түзүү жөнүндө мыйзамдын аткарылышын контролдоого тийиш.

B)   Финансылык көзкарандысыздык

6)   Парламенттер УУКМди түзүү жөнүндө мыйзамга тиешелүү жоболорду киргизип, УУКМдин финансылык көзкарандысыздыгын камсыз кылууга тийиш.

7)   УУКМдер Стратегиялык планды жана/же Иш-чаралардын ар жылдагы программасын парламентте кароого сунуш кылууга тийиш. Парламенттер бул мекеменин финансылык көзкарандысыздыгын камсыз кылуу үчүн бюджетти пландаштырууда УУКМдер сунуш кылган Стратегиялык планды жана/же Иш-чаралардын ар жылдагы программасын кабыл алууга тийиш.

8)   Парламенттер жылдык бюджеттик көз карашынан алганда Стратегиялык планды жана/же Иш-чаралардын ар жылдагы программасын талкуулоого УУКМдердин мүчөлөрүн тартууга тийиш.

9)  Парламенттер УУКМдерди УУКМди түзүү жөнүндө мыйзамда жазылган функцияларды аткаруу үчүн жетиштүү болгон ресурстар менен камсыз кылууга тийиш.

C)  Дайындоо жана четтетүү процесси

10)   УУКМди түзүү жөнүндө мыйзамда парламенттер ачык тандоонун жана дайындоонун, УУКМдин мүчөлөрүн кызмат ордунан четтетүү орун алган болсо, анын тартибин зарылчылык болгон учурда жарандык коомдун катышуусу менен так баяндоого тийиш.

11)   Парламенттер дайындоо процессинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылууга тийиш.

12)   Парламенттер УУКМди түзүү жөнүндө мыйзамга өзүнүн функциялык милдеттерин аткарып жаткан учурдагы иммунитет жөнүндө жобону киргизип, УУКМдин көзкарандысыздыгын камсыз кылууга тийиш.

13)   УУКМди түзүү жөнүндө мыйзамда парламенттер УУКМдин курамында бош орун болгон учурда ал акылга сыярлык мөөнөттө ээленүүгө тийиш экендигин так белгилөөгө тийиш. Кызмат ордунда болуу мөөнөтү аяктагандан кийин УУКМдин мүчөсү анын ордун ишин улантуучу ээлеген учурга чейин өз милдеттерин аткарууну улантууга тийиш.

D) Баяндамаларды кароого берүү

14)   УУКМдер баяндамаларды түздөн-түз парламентке берүүгө тийиш.

15)   УУКМдер чыгымдар жөнүндө кыскача отчет менен катар ишмердик жөнүндө ар жылдагы баяндаманы, ошондой эле тиешелүү өлкөдөгү адамдын укуктары жагындагы абал жөнүндө жана адамдын укуктары менен байланышкан ар кандай башка маселелер жөнүндө баяндаманы парламентке берүүгө тийиш.

16)   Парламенттер УУКМдердин баяндамаларын кабыл алууга, аларды кароого жана жооп берүүгө, ошондой эле УУКМдердин биринчи кезектеги милдеттерин талкуулоону жүргүзүүгө жана УУКМдердин алда канча маанилүү баяндамаларын өз учурунда талкуулоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү табууга тийиш.

17)   Парламенттер УУКМдердин көзкарандысыздыгын камсыз кылуучу УУКМдердин ишин талкуулоонун алкактык принциптерин иштеп чыгууга тийиш.

18)   Парламенттер УУКМдер иштеп чыккан сунуштамаларды ачык талкуулоону жүргүзүүгө тийиш.

19)  Парламенттер тиешелүү мамлекеттик органдар УУКМдердин сунуштамаларын канчалык толук карап чыккандыгы жана сунуштамаларга ылайык чараларды көргөндүгү жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдардан маалымат алууга тийиш.

 

II. Парламенттердин жана УУКМдердин ортосундагы кызматташтыктын формалары

20)    УУКМдер жана парламенттер кызматташтыктын негиздери жөнүндө макулдашууга, анын ичинде жалпы кызыкчылыкты билдирген адамдын укуктары жагындагы маселелерди талкуулоонун алкактарын белгилөөгө тийиш.

21)    Парламенттер УУКМдин парламент менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кыла турган тиешелүү парламенттик комитетти дайындоого же уюштурууга тийиш.

22)    УУКМдер тиешелүү адистешкен парламенттик комитет менен бекем иштөө мамилелерин өнүктүрүүгө, анын ичинде эгерде бул зарыл болсо, өз ара түшүнүшү жөнүндө меморандум аркылуу өнүктүрүүгө тийиш. УУКМдер жана парламенттик комитеттер ошондой эле, эгерде бул алардын иши үчүн зарыл болсо, калыптанган мамилелерди өнүктүрүүгө тийиш.

23)   Тиешелүү адистешкен парламенттик комитеттин жана УУКМдин мүчөлөрү адамдын укуктарын коргоо жана кубаттоо ишинде маалымат алмашууну активдештирүү жана мүмкүн болгон тармактарды аныктоо үчүн жолугушууларды дайыма өткөрүүгө жана туруктуу диалогду жүргүзүүгө тийиш.

 

24)    Парламенттер ар түрдүү парламенттик комитеттер өткөрүп жаткан жыйналыштардын жана жол-жоболордун жүрүшүндө адамдын укуктарынын маселелери боюнча УУКМдердин катышуусун камсыз кылууга жана эксперттик кеңеш үчүн кайрылууга тийиш.

25)    УУКМдер парламенттерге адамдын укуктары менен байланышкан маселелер боюнча, анын ичинде тиешелүү мамлекет өзүнө алган адамдын укуктары жагындагы эл аралык милдеттенмелер боюнча кеңештерди жана/же сунуштамаларды берүүгө тийиш.

26)    УУКМдер парламенттерге көзөмөлдөө боюнча функцияларды аткарышына көмөктөшүү үчүн аларды маалымат жана сунуштамалар менен камсыз кылууга тийиш.

III.   Мыйзамдар жагынан парламенттердин жана УУКМдердин ортосундагы кызматташтык

27)   УУКМдер адамдын укуктары жагындагы ченемдерди жана принциптерди парламенттер сакташынын көз карашынан аларга жаңы мыйзам долбоорлорунун мазмунунун жана жолун жолдоочулугунун маселеси боюнча консультация берүүгө тийиш.

28)   Парламенттер мыйзам чыгаруу процесстерине УУКМдердин катышуусун камсыз кылууга, анын ичинде аларга мыйзамдардын жана саясаттын адамдын укуктары жагындагы ченемдерге шайкештиги жагынан өз пикирин айтууну сунуш кылууга жана консультация берүүгө тийиш.

29)   Улуттук мыйзамдарды адамдын укуктары жагындагы мамлекеттик, ошондой эле эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү үчүн УУКМдер зарылчылык болгон учурда мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды берүүгө тийиш.

30)   Адамдын укуктары жагындагы милдеттенмелерди аткарууга көмөктөшүүчү мыйзамдарды, келишимдик органдардын сунуштамаларын жана адамдын укуктарын бузулушу жагынан соттордун токтомдорун кабыл алуу аркылуу адамдын укуктарын колдоо максатында УУКМдер парламенттер менен бирге иштөөгө тийиш.

31)   Сунуш кылынган мыйзамдардын жана саясаттын адамдын укуктарына таасирине баа берүүнүн натыйжалуу процессин камсыз кылуу үчүн УУКМдер парламенттер менен бирге иштөөгө тийиш.

IV.   Эл аралык укук коргоо өбөлгөлөрү жагынан УУКМдердин жана парламенттердин ортосунданы кызматташтык

32)   Парламенттер УУКМдер менен консультация өткөрүп жана адамдын укуктары жагынан бардык эл аралык милдеттенмелерди тиешелүү мамлекет аткарышын контролдоп, адамдын укуктары жагындагы эл аралык келишимдерди ратификациялоо процессине катышууга умтулууга тийиш.

33)    УУКМдер сунуш кылынган бир жактуу шарттар же чечмелөөлөр, тиешелүү мамлекет адамдын укуктары жагындагы милдеттенмелерди аткарышынын жана бул милдеттенмелерди сакташынын талаптагыдай мүнөзү жагынан өз пикири жөнүндө парламенттерге кабарлоого тийиш.

34)    Эл аралык келишимдик органдарды мамлекет милдеттенмелерди сакташы жана келишимдик органдардын сунуштамаларын аткаруу боюнча чараларды көрүшү жөнүндө бүткүл тиешелүү маалымат менен камсыз кылуу максатында Парламент менен УУКМ кызматташууга тийиш.

35)    УУКМдер региондук жана эл аралык укук коргоо механизмдери, анын ичинде Универсалдуу мезгилдүү баяндоо, келишимдик органдар жана атайын жол-жоболордун мандатарийлери мамлекетке даректеген ар түрдүү сунуштамалар жөнүндө парламенттерге дайыма маалымдап турууга тийиш.

36)   Парламенттер жана УУКМдер региондук жана эл аралык укук коргоо механизмдери иштеп чыккан сунуштамаларды тутумдук аткаруу стратегиясын биргелешип иштеп чыгууга тийиш.

 

V. Адамдын укуктары жөнүндө билим берүү, кесиптик дардоо жана маалымдар болушун арттыруу жагынан УУКМдердин жана парламенттердин ортосундагы кызматташтык

37)   УУКМдер жана парламенттер адамдын укуктарын урматтоо маданиятын өнүктүрүү үчүн биргелешип иштөөгө тийиш.

38)   Адамдын укуктары жагынан билим берүү жана даярдоо мектептин жана университеттин программаларына жетиштүү көлөмдө киргизилиши үчүн, ошондой эле кошумча жана кесиптик даярдоонун, анын ичинде судьяларды эл аралык стандарттарга ылайык окутуунун алкагында УУКМдер жана өкмөттөр бирге көмөктөшүүгө тийиш.

39)   УУКМдер жана парламенттер адамдын укуктары жагындагы потенциалды жана парламенттик жол-жоболорду өз ара арттырууга бирге көмөктөшүүгө тийиш.

40)   УУКМдер, парламенттер жана парламенттердин бардык мүчөлөрү билим берүү кампанияларынын маалымдар болушун арттыруунун алкагында биргелешип иштөөгө умтулууга жана адамдын укуктарын колдоо боюнча конференцияларга, иш-чараларга жана иштерге катышууга бири-бирине түрткү берүүгө тийиш.

VI.  Адамдын укуктарын сактоо жагынан соттук жана административдик органдардын чечимдерин аткаруунун мониторинги

41) Парламенттер жана УУКМдер адамдын укуктары менен байланышкан маселелерди карап жаткан соттордун (улуттук жана, зарылчылык болгон учурда, региондук жана эл аралык) жана башка административдик органдардын чечимдерин аткаруунун мониторингин жүргүзүү учурунда ойдогудай түрдө кызматташууга тийиш.

42)   УУКМдер улуттук, региондук жана эл аралык соттор мамлекеттин пайдасына чыгарылбаган адамдын укуктары жагындагы токтомдорго көз салууга жана, эгерде зарыл болсо, мыйзамдарга жана саясатка кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү керектиги жөнүндө сунуштамаларды парламентке берүүгө тийиш.

43)   Парламенттер адамдын укуктары жагындагы соттук чечимдерди аткаруу жагынан УУКМдердин сунуштамаларын ойдогудай түрдө эске алууга тийиш.

44)   Парламенттер жана УУКМдер адамдын укуктары жагындагы стандарттарга толук шайкештикти камсыз кылуу үчүн соттук чечимдерди өз учурунда жана натыйжалуу аткарууда аткаруу бийлигине ойдогудай түрдө көмөктөшүүгө тийиш.