Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө КР Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына өзгөчө же согуштук абалдын киргизилиши Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин токтоттурбайт, чектебейт жана токтото албайт”.

Бирок COVID-19 коронавирусунун республикада (бүткүл дүйнөдө) жайылышы менен байланыштуу  түзүлгөн оор жана кооптуу эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Кыргызстандын Акыйкатчысы эң оболу жарандардын, арыз ээлеринин өзүлөрүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ошондой эле Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин ден соолугун жана өмүрүн сактоо максатында, өтө курч зарылдык болбосо, КР Акыйкатчысынын Борбордук аппаратынын жана анын облустук өкүлчүлүктөрүнүн кеңселерине келүүнү убактылуу максималдуу түрдө азайта турууну суранат.    

Кыргыз Республикасында өзгөчө абалдын кириши менен Акыйкатчы (Омбудсмен) институту өз ишин токтото турган жок, өз ишин толук кандуу улантууда, бирок өзгөчө режимде иштөөгө өттү: кызматкерлердин бир бөлүгү дистанттык абалда иштеп жатышат, мында күн сайын жумуш убагында аппараттын адистери атайын нөөмөт менен кезектешип кеңседе иштеп жатышат. Мындай чаралар коронавирустун алдын алууга багытталган санитардык-гигиеналык коопсуздук чараларын күчөтүү зарылдыгынан улам келип чыкты.

Кыргызстандын жарандары жана республиканын меймандары мурдагыдай эле өзүлөрүнүн укук, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо зарыл болгон укуктук консультациялардын Акыйкатчы аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө кайрылып ала алышат. КР Акыйкатчысынын расмий сайтында көрсөтүлгөн телефондор активдүү режимде.

Ошондой эле арыз ээлери “115 Шыр байланыш” кызматына чала алышат. Түнкү убакта түшкөн телефон чалуулардын баары атайын программада катталат, эртеси күнү “Шыр байланыштын” операторлору же Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери силерге кайрадан телефон чалышат.

Мындан сырткары, жарандар өз кайрылууларын жана арыздарын КР Акыйкатчы аппаратына почта аркылуу БИшкек ш., Тыныстанов көчөсү 120 дарегине жөнөтсө болот. Ошондой эле  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.  электрондук дареги же ombudsman.kg  сайтынын интернет-кабылдамасы аркылуу жөнөтүүгө болот. Бир да кайрылуу кароосуз калбайт. Түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз.